Франция менен Испаниядагы токой өрттөрүнөн 300 миңден ашуун адам эвакуацияланды

Франция менен Испанияда күч алган токой өрттөрүнөн улам коопсуздук максатында 300 миңден ашуун адам эвакуацияланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматка ылайык, Франциянын түштүк-батышындагы Жиронда департаментинде, айрыкча Бордо шаарынын аймагында өрт бир нече күндөн бери көзөмөлгө алынбай жатат. Учурда кеминде 240 турак жай күйүп кеткени маалым болду.
Адистердин айтымында, өрттүн үстүндө пайда болгон пирокумулонимбус булуттары күчтүү шамал менен чагылганды жаратып, жаңы өрт очокторунун пайда болушуна себеп болууда. Өрттү өчүрүүгө 2,5 миңге жакын өрт өчүрүүчү, 1,5 миң аскер кызматкери жана 1,2 миң полиция кызматкери тартылган.
Ал эми Испанияда өрттөр негизинен Мадридге жакын аймактарда, ошондой эле Авила, Толедо жана Кастельон провинцияларында катталууда. Бул аймактардан 75 миңге жакын адам эвакуацияланган. Валенсияда өрт кайра күчөп, дагы 15 миңдей тургун коопсуз жайларга көчүрүлгөн.
Өрттү өчүрүүгө Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр да жардам көрсөтүүдө. Францияга Хорватия менен Португалиядан өрт өчүрүүчү учактар, Чехия менен Словакиядан Black Hawk тик учактары жөнөтүлсө, Испанияга Италия эки Canadair амфибия учагын жөнөткөн. Мындан тышкары, Греция, Нидерланд жана Португалия да авиациялык техникасы менен жардам берүүдө.
Адистер ысык аба ырайы жана кургакчылык токой өрттөрүнүн тез жайылышына негизги себеп болуп жатканын белгилешүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















