АКШ Европадагы аскердик стратегиясын кайра карай баштады

АКШ Европадагы аскердик катышуусун жана аскердик стратегиясын кайра карап чыгуу жараянын баштады. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлигинин өкүлдөрү билдиришкенин чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматка ылайык, алты айга созула турган текшерүүнүн жыйынтыгында Европада жайгашкан америкалык аскерлердин жана аскердик техниканын саны кайра аныкталат.
АКШнын коргоо министринин орун басары Элбриж Колби бул кадам Европанын өз коопсуздугу үчүн көбүрөөк жоопкерчилик алышына багытталганын белгиледи.
Анын айтымында, жүргүзүлүп жаткан өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгында "НАТО 3.0" деп аталган жаңы формат калыптанышы мүмкүн. Анда альянс күчтүүрөөк, адилеттүү жана туруктуу түзүмгө айланары күтүлүүдө.
Вашингтон стратегияны кайра кароо иштерин НАТОнун Европадагы бириккен күчтөрүнүн жогорку башкы командачысы генерал Алексус Гринкевич менен биргеликте жүргүзүп, европалык өнөктөштөр жана АКШ Конгресси менен кеңешмекчи.
Буга чейин АКШ Германиядагы аскерлеринин бир бөлүгүн чыгарып, НАТОнун күчтөрүн пландоого кошкон салымын кыскарта баштаган. Өзгөрүүлөр истребителдерге, абада май куюучу учактарга, деңиз күзөт учактарына жана аскер-деңиз күчтөрүнө да тиешелүү болгон.
Ошол эле учурда чыгыш флангындагы өлкөлөр америкалык аскерлерди өз аймагында сактап калуу үчүн Вашингтон менен сүйлөшүүлөрдү күчөтүүдө. Ал эми европалык мамлекеттер менен Канада өздөрүнүн коргонуу мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөөгө көбүрөөк көңүл бура баштаганы белгиленди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















