Япониядагы жер титирөөдөн 13 адам каза болду
Японияда 28-июлда болгон күчтүү жер титирөөдөн кеминде 13 адам каза болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдиришти.
Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити билдиргендей, куткаруу кызматтары урандылардын астында калган жана дайынсыз жоголгон адамдарды издөөнү улантышууда.
"Адамдар дагы эле жардам күтүп жатышат. Биз мүмкүн болушунча көп адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн бардык ресурстарды ишке киргизип жатабыз",- деген Такаити.
Мындан сырткары, кырдаалды аймактагы аптаптуу ысык да татаалдаштырып жатканы айтылды. Жер титирөө болгон аймактардын бири Кумамото префектурасында абанын температурасы 32 градуска чейин көтөрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















