super.kg logo

Си Цзиньпин чет өлкөдөгү кытайларды өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууга чакырды

 

Кечээ, 28-июлда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Бээжинде өткөн чет өлкөдөгү кытайлар (хуацяо) менен иш алып баруу боюнча бүткүл кытайлык кеңешмеде чет өлкөлөрдө жашаган кытайларды, мекенине кайтып келген жарандарды өлкөнүн өнүгүшүнө жана "кытай улутунун улуу кайра жаралуусуна" салым кошууга чакырды. Бул тууралуу кытайлык маалымат агенттиктери кабарлашты.

Ал чет өлкөдөгү мекендештер менен иштөөнү күчөтүп, аларды өлкөнүн модернизациясына, улуттук биримдикти бекемдөөгө, кытай маданиятын жайылтууга жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жигердүү катышууга үндөдү.

Маалыматка ылайык, учурда дүйнөнүн 200гө жакын өлкөсүндө 60 миллиондон ашык кытай жашайт. Ошондой эле 40 миллиондон ашык адам чет өлкөдөн Кытайга кайтып келип, өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошуп келет.

Белгилей кетсек, хуацяо деп чет өлкөлөрдө жашаган Кытай жарандары жана мурда көчүп кеткен кытайлардын урпактары аталат. Кытайда алар улуттук тегине жараша мекендеш катары кабыл алынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: