super.kg logo

Тарых музейинде Дьюла Принцтин Теңир-Тоодогу экспедицияларына арналган көргөзмө ачылды

 

Кечээ, 28-июлда Улуттук тарых музейинде венгриялык географ жана изилдөөчү Дьюла Принцтин Теңир-Тоого жасаган экспедицияларына арналган көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу Улуттук тарых музейи билдирди.

"Дьюла Принц: венгриялык географтын 1906 жана 1909-жылдардагы Теңир-Тоо саякаттары" аттуу экспозиция анын изилдөөлөрүнүн 120 жылдыгына арналган.

Көргөзмөнүн ачылышына музейдин директору Назгүл Өмүрзакова, Венгриянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, тарыхчылар, географтар жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.

Экспозицияда Дьюла Принцтин кол жазмалары, түп нуска сүрөттөрү жана саякат учурунда тарткан панорамалык чиймелери коюлган. Окумуштуу 1906 жана 1909-жылдары Теңир-Тоого жасаган экспедицияларында болжол менен 280 миң чарчы чакырым аймакты изилдеп, картага түшүргөн.

Көргөзмө Улуттук тарых музейинде 2026-жылдын 28-июлунан 6-сентябрына чейин уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: