Урмат Асанбаев Астанада фиджитал спорт боюнча саммитке катышты
Бүгүн, 29-июлда Казакстандын Астана шаарында "Келечек оюндары - 2026" эл аралык мультиспорттук мелдештеринин алкагында фиджитал спорт боюнча жайкы саммит өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чарага аталган агенттиктин директору Урмат Асанбаев, чет өлкөлөрдүн спорт тармагындагы министрлери, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана эл аралык спорт коомчулугунун өкүлдөрү катышкан.
Саммитте фиджитал спортун өнүктүрүү, аны эл аралык деңгээлде жайылтуу жана спорт менен санариптик технологияларды айкалыштыруу маселелери талкууланган.
Катышуучулар бул багыттагы тажрыйбалары менен бөлүшүп, спорттун жаңы багыттарын өнүктүрүү боюнча пикир алышышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:19
2026-08-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















