Япониянын Ички иштер жана байланыштар министрлиги өлкөнүн жарандарынын саны 1984-жылдан бери алгачкы жолу 120 миллиондон төмөн түшкөнүн билдирди.
2026-жылдын 1-январына карата Япониянын жарандарынын саны 119 миллион 736 миң адамды түзгөн. Бир жыл ичинде калк дээрлик 917 миң адамга кыскарган. Бул 1968-жылдан берки эң чоң төмөндөө болуп эсептелет. Негизинен Японияда калктын саны 17 жылдан бери тынымсыз азайып келет.

Расмий маалыматка ылайык, акыркы бир жылда Японияда 1,59 миллионго жакын адам каза болуп, болгону 670 миң ымыркай төрөлгөн. Бул өлкөнүн тарыхындагы эң төмөнкү төрөлүү көрсөткүчү болду.
Ошол эле учурда Японияда жашаган чет өлкөлүк жарандардын саны болжол менен 354 миң адамга көбөйүп, 4 миллиондон ашты. Чет элдиктерди кошкондогу өлкөнүн жалпы калкы 123,8 миллион адамды түзөт.