Кечиктирилген Бишкек–Казань каттамынын учагы "Манас" аэропортунан учуп кетти

Бишкектен Казань шаарына багыт алган NordWind авиакомпаниясынын учагы бүгүн, 29-июлда жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:48де "Манас" эл аралык аэропортунан учуп кетти. Бул тууралуу "Кыргызстандын аэропорттору" ААКсы билдирди.
Эске салсак, буга чейин Казань аэропортунда "Ковер" режими киргизилгендиктен, рейстин учушу белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Аталган режим учактарды кабыл алууга жана учурууга убактылуу чектөө киргизүүнү карайт.
Маалыматка ылайык, рейске 192 жүргүнчү катталган. Алар учууну күтүү учурунда аэропорттун стерилдүү аймагында болушкан. Ошондой эле авиакомпания жүргүнчүлөрдү ысык тамак менен камсыздаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:19
2026-08-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















