super.kg logo

Тажикстан сакал менен хижабга тыюу салынганы тууралуу маалыматты четке какты

 

Тажикстандын Дин иштери, улуттук каада-салттарды, салтанаттарды жана жөрөлгөлөрдү жөнгө салуу комитети өлкөдө сакал коюуга жана хижаб кийүүгө мыйзам деңгээлинде тыюу салынганы тууралуу маалыматты четке какты.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, айрым чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтар өлкөдөгү диний эркиндиктин чыныгы абалын чагылдырбайт.

Комитет Тажикстанда жарандардын абийир эркиндигин жана дин тутуу укугун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон мыйзамдык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Ошондой эле мекеме өлкөдөгү диний эркиндик тууралуу айрым баалоолор ишенимсиз булактарга негизделгендиктен, чыныгы жагдайды чагылдырбай турганын билдирди.

Буга чейин Борбор Азия жана Орусиядагы бир катар басылмалар Тажикстанда эркектерге сакал өстүрүүгө, аялдарга хижаб кийүүгө мыйзам менен тыюу салынганы жана бул талаптарды бузгандарга айып пул салына турганы тууралуу маалымат таратышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: