Бишкектин Көк-Жар конушунда 500 орундуу жаңы мектеп курулууда
Бишкек шаарындагы Көк-Жар конушундагы №88 мектептин жанына 500 окуучуга ылайыкташкан жаңы окуу корпусу курулуп жатат. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталган.
Учурда үч кабаттуу имараттын курулушу кызуу жүрүүдө. Анда терезелер орнотулуп, ички шыбак иштери жүргүзүлүп, чатыры жабылууда.
Долбоорго ылайык, жаңы окуу корпусунда заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы, эмгекке окутуу кабинеттерин жана бардык талаптарга жооп берген спорт залы жайгашат. Имараттын жалпы аянты 5525 чарчы метрди түзөт.
Курулуш-монтаждоо иштери Курулуш министрлигинин тиешелүү департаменттеринин көзөмөлүндө жүргүзүлүп, курулуштун сапаты ар бир этапта текшерилип жатат.
Учурда Бишкек шаарында мектептердеги орун тартыштыгын азайтуу жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү максатында жалпысынан 20 жаңы мектептин курулушу жүрүүдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















