super.kg logo

АКШ Иранга кайрадан аба соккуларын баштады

 

АКШ 30-июлга караган түнү Ирандагы бир катар буталарга жаңы аба соккуларын жасай баштады. Бул тууралуу Axios басылмасы америкалык жогорку кызматтагы өкүлгө шилтеме берүү менен билдирди.

Кийинчерээк АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) маалыматты расмий ырастап, соккулар АКШнын чыгыш жээгиндеги убакыт боюнча саат 20:00дө (Бишкек убактысы боюнча болжол менен 06:00дө) башталганын маалымдады.

Маалыматка ылайык, бул операция Ирандын АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскерлерине каршы жасаган чабуулуна жооп катары жүргүзүлүүдө.

28-июлдун кечинде Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) Иорданиядагы АКШнын авиабазасын көздөй бир нече баллистикалык ракета учурган. CENTCOM бардык ракеталар абадан жок кылынганын билдирди.

Чабуулдан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга катуу жооп кайтарыларын билдирген.

Буга чейин 23-июлда Вашингтон Иранга каршы соккулардын толкунун жүргүзгөнүн жарыялаган. Бирок кийинчерээк Трамп жаңы соккуларды убактылуу токтотууну буйруган. Ал ошол учурда Тегеран менен сүйлөшүү жүргүзүү аскердик аракеттерди күчөтүүдөн көрө туурараак жол экенин айткан.

27-июлда Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи эки өлкөнүн ортосунда ортомчулар аркылуу сүйлөшүүлөр уланып жатканын билдирген. Бирок эртеси күнү Тегеран АКШнын сунушун Вашингтон ашыкча талаптарды койгондуктан четке какканын маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: