super.kg logo

Мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн компанияны кара тизмеге киргизүү сунушталды

 
Бишкекте мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн “Император Строй” ЖЧКсын кара тизмеге киргизүү сунушталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.
Буга чейин аталган объект боюнча “Долбоорлоо жана куруу процесстерин айкалыштыруу жөнүндө” буйрук күчүн жоготконуна байланыштуу архитектуралык-уруксат берүүчү документтер кайра алынган. Ошондой эле курулуш иштерин токтотуу жөнүндө расмий билдирүү берилген. Бирок текшерүү учурунда коюлган талаптарга карабастан, объектте курулуш-монтаждоо иштери уланып жатканы аныкталган.
Мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн курулуш иштерин жүргүзүп жаткан тарапка 213 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган. Мындан тышкары, укуктук баа берүү үчүн Ички иштер министрлигине тиешелүү кат жөнөтүлгөн.
Ушул жылдын 13-июлундагы көзөмөлдүк текшерүүдө да курулуш иштеринин токтотулбаганы аныкталган.
Жыйынтыгында, мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы үчүн “Император Строй” ЖЧКсын Курулуш министрлигинин кара тизмесине киргизүү жана курулуш лицензиясын токтотуу боюнча министрликке сунуш кат жөнөтүлдү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: