Баткенде 31-августка карата 15 объект ачылат (тизме)
Баткен облусунда 31-августка карата жалпы 15 объекттин курулушу аяктап, салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилет. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы маалымадады.
Билдирүүгө ылайык, объекттердин 12си социалдык объект, 3ү өндүрүш ишканасы.
Алар:
- Баткен шаары – Аэропорт участкасындагы 225 орундуу жаңы мектеп;
- Баткен шаары – муниципалдык автобекет;
- Сүлүктү шаарынын Белес участкасында – "Белес Резорт" эс алуу комплекси;
- Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылында – жалпы дарыгерлер практика борборунун терапия бөлүмүнө кошумча имарат;
- Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Козу участкасында – үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу үчүн жаңы имарат;
- Баткен районунун Жаңы-Жер айылында – 500 орундуу жаңы мектеп;
- Баткен районунун Суу-Башы айылындагы Жаңы-Достук участкасында – фельдшердик-акушердик пункт;
- Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек айылында – "Бала Нур" бала бакчасына кошумча корпус;
- Кадамжай районунун Айырбаз айылында – "Кыргызстандын 10 жылдыгы" атындагы 500 орундуу мектеп;
- Кадамжай шаарында – "Аленушка" бала бакчасы;
- Кадамжай шаарында – бардык мезгилде иштей турган муниципалдык жабык сүзүү бассейни;
- Раззаков шаарынын Тайлан айылында – "Ак-Шоола" бала бакчасынын жаңы корпусу.
- Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында – мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү (кургатуу) цехи;
- Кызыл-Кыя шаарында – "Асыл Холдинг" ЖЧКсынын кургак курулуш аралашмаларын өндүрүүчү өнөр жай ишканасы;
- Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагындагы Гүлдүрөмө айылында – шагыл майдалоочу өндүрүш цехи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:19
2026-08-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















