"Мадина" базары 1-августтан тарта жабылбайт
Бишкек шаарындагы "Мадина" базары 1-августтан тарта жабылбайт. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев билдиргенин муниципалитет маалымдады.
Маалыматка ылайык, ишкерлер жаңы базарга шашпай көчүп, жайгашып алуусу үчүн кошумча убакыт берилет. Ошондой эле алар үчүн үч айлык жеңилдетилген мөөнөт каралган.
Мэр жаңы базардын ээлерине соодагерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, ижара акысын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.
Мындан тышкары, Айбек Жунушалиев ижара укугун сатып алуу же башка адамга өткөрүп берүү мыйзамсыз экенин белгилеп, мындай учурларга укуктук баа берилерин айтты.
Ошондой эле шаар башчысы "Мадина" базарынын санитардык абалы жана айланасындагы унаа тыгыны боюнча шаар тургундарынан көптөгөн даттануулар түшүп жатканын белгилеп, базарларды жаңылоо Бишкектин заманбап соода инфраструктурасын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам экенин кошумчалады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















