Мас жаран полиция кызматкерин ыйлатты: Сот аны коомдук жумушка милдеттендирди
Казакстандын Астана шаарында 38 жаштагы тургун полиция кызматкерин кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда орой сөздөр менен кемсинткени үчүн соттолду.
Соттун маалыматына караганда, окуя ушул жылдын жаз айларында болгон. Мас абалындагы эркек киши "Чат-рулетка" тиркемесине кирип, ар кандай адамдар менен
сүйлөшүп жаткан. Бир маалда ага жаш бала туш келип, өзү тууралуу айтып берген. Муну туура эмес көрүнүш деп эсептеген жаран алгач 112 кызматына чалган. Бирок жооп ала албагандан кийин полицияга кайрылган.
Телефонду көтөргөн оператор кыз анын суроолоруна жооп берген. Бирок ал жетекчилик менен байланыштырууну талап кылып, мындай мүмкүнчүлүк жок экени айтылгандан кийин кызматкерди одоно жана сөгүнгөн сөздөр менен кемсинткен.
Сотто полиция кызматкери бул сөздөр аны катуу ыза кылып, намысына тийгенин, ал тургай ыйлап жибергенин айткан. Кийин айыпталуучу андан кечирим сурап, ал кечиримди кабыл алган.
Соттук психологиялык-филологиялык экспертиза айыпталуучунун сөздөрүндө полиция кызматкеринин ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен белгилер бар экенин аныктаган.
Айыпталуучу күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, окуя болгон учурда мас болгонун жана өз аракетине жооп бере албай калганын билдирген.
Сот аны күнөөлүү деп таап, 30 саат коомдук жумушка милдеттендирди. Эгер ал бул жазаны аткаруудан баш тартса, ар бир иштелбей калган төрт саат үчүн бир суткага камакка алынары белгиленди. Ошондой эле ал Жабырлануучуларга компенсация төлөө фондуна 21 625 теңге өлчөмүндө милдеттүү төлөм төлөйт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















