Майлуу-Сууда инновациялык мектепти оңдоп-түзөө иштери уланууда
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №2 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат.Учурда мектепте STEM багытындагы – химия, физика, биология, математика, география жана информатика класстарын, китепкана, ошондой эле коридорлорду оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, мектеп имаратынын чатыры толугу менен алмаштырылып жатат. Бүгүнкү күндө жаңы терезелер жеткирилип, аларды орнотуу иштери күтүлүүдө.
Ал эми оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин мектеп заманбап эмеректер, видеокөзөмөл системи жана STEM класстары лабораториялык жана маалыматтык-коммуникациялык жабдуулар менен камсыз болот.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча 53 жалпы билим берүү мектеби инновациялык мектеп макамын алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:19
2026-08-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















