super.kg logo

Японияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 28ге жетти

 

Япониянын Кумамото префектурасында 28-июлда болгон 7,1 баллдык жер титирөөдөн каза болгондордун саны 28ге жетти. Бул тууралуу The Japan Times басылмасы жазды.

Жергиликтүү бийлик органдарынын маалыматы боюнча, дагы алты адамдын абалы өтө оор бойдон калууда. Куткаруучулар издөө-куткаруу иштерин улантууда.

Анын кесепетинен 10 миңге чукул адам эвакуация болуп, 400дөн ашык убактылуу жайларга жайгаштырылган. 23 миңдей үй электр жарыгысыз калганы айтылды.

Басылмада кырдаалды аймактагы аптаптуу ысык татаалдантып жатканын белгилеген. Өлкөнүн өкмөт башчысы Санаэ Такаити аймакта керектүү жабдыктар жана адистер менен камсыз кылуу уланып жатканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: