Трамп Зеленскийди согуштук аракеттерди токтотууга чакырды
АКШ президенти Дональд Трамп Ураинанын президенти Владимир Зеленскийди Орусияга каршы согуштук аракеттерди токтотууга чакырганын билдирди.
Бул тууралуу ал журналисттердин "Зеленский менен жолугушуу кандай өттү?" деген суроосуна жооп берип жатып айткан.
"Мен анын согуштук аракеттерди токтотконун каалайт элем. Бул жеңил эле. Путин менен да, Зеленский менен да мамилем жакшы. Ага мен "согушту токтоткулачы. Өткөн айда 25 миң адам каза болду дедим" деген ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу 28-июлда өтүп, алардын сүйлөшүүлөрү дээрлик бир саатка созулган. Ага Америка президентинин администрациясынын айрым мүчөлөрү дагы катышкан.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















