super.kg logo

Испаниядагы ири токой өртү: 100гө жакын үй күйүп кетти

 

Испаниянын Мадрид автономдуу аймагында чыккан ири токой өртүнүн кесепетинен 100гө жакын турак жай толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык, өрттүн аянты болжол менен 27 миң гектарды түзүп, анын кесепетинен ондогон үй-бүлө турак жайсыз калды.

Учурда өлкөнүн бир нече аймагында токой өрттөрү күч алууда. Эң ири өрт Мадрид автономдуу аймагы менен Авила провинциясын камтып, жалпы 77 миң гектардан ашык жерди жалмады. Адистердин айтымында, өрт азырынча толук өчүрүлө элек, бирок кырдаал көзөмөлдө.

Испаниянын бийлиги жабыркаган аймактарды өзгөчө кырдаалдан олуттуу зыян тарткан аймак деп жарыялады. Авиладагы өрт өлкөдө мындай маалыматтар каттала баштагандан берки эң ири токой өртү болуп калды.

Премьер-министр Педро Санчестин маалыматына ылайык, 2026-жылдын башынан бери Испанияда токой өрттөрү 150 миң гектарга жакын аймакты күлгө айлантып, 13 адамдын өмүрүн алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: