super.kg logo

Кыргызстанда адам сатууга каршы аракеттенүү чаралары талкууланды

 

Бишкекте бүгүн, 30-июлда Адам сатууга каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган тегерек стол өттү. Ага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада эмгек министринин орун басары Мирланбек Байгончоков бул багытта көрүлүп жаткан аракеттерге токтолду.

"Адам сатууга каршы аракеттенүү маселеси биздин жалпы артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири бойдон калууда жана туруктуу көңүл бурууну, тыгыз өз ара аракеттенүүнү жана бардык кызыкдар тараптардын күч-аракеттерин бириктирүүнү талап кылат. Биргелешкен иш-аракеттер гана бүгүнкү күндүн чакырыктарына натыйжалуу жооп берип, адамдын укуктарын жана кадыр-баркын ишенимдүү коргоону камсыздай алат",- деди ал.

Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар адам сатууга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жетишилген жыйынтыктарын, учурдагы көйгөйлөрдү жана мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары өркүндөтүүнүн багыттарын талкуулашты.

Иш-чараны Эмгек министрлиги ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте уюштуруду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: