super.kg logo

BMW дүйнө жүзү боюнча 8 миңге жакын кызматкерин кыскартат

 

Германиянын BMW автоунаа өндүрүүчү компаниясы дүйнө жүзү боюнча болжол менен 8 миң жумуш ордун кыскартууну пландап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылууда.

Маалыматка ылайык, жумуштан бошотуулардын басымдуу бөлүгү Германияда жүргүзүлөт. Кыскартуу ыктыярдуу түрдө жумуштан кетүү программасынын алкагында ишке ашырылат.

Билдирүүгө ылайык, Германиядагы 40 миңдей кызматкерге ушул күздө жумуштан кетүү боюнча сунуштар берилет. Программа 2027-жылдын аягына чейин уланат.

Кыскартуулар негизинен административдик бөлүмдөрдүн, ошондой эле изилдөө, жаңы технологияларды иштеп чыгуу, пландаштыруу жана башкаруу тармактарындагы кызматкерлерди камтыйт.

Июнь айында BMW компаниясы 2026-жылга карата каржылык божомолун төмөндөтүп, инвесторлорго сатуу көлөмү менен киреше азайышы мүмкүн экенин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: