super.kg logo

Караколдо эл аралык шахмат турнири өтөт

 

2026-жылдын 2-9-август күндөрү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдыгына арналган "Жибек жолу кубогу" эл аралык балдар шахмат турнири өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Турнир "Ысык-Көл облусунун шахмат федерациясы" коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда.

Иш-чаранын максаты – жаш муундун интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү, шахматка болгон кызыгуусун арттыруу, таланттуу жаш шахматчыларды аныктоо жана алардын спорттук чеберчилигин өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү.

Мындан тышкары, турнир интеллектуалдык спортту жайылтууга, жаш шахматчылардын тажрыйба алмашуусуна, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана ар кайсы өлкөлөрдөн келген өспүрүмдөрдүн достук байланышын бекемдөөгө багытталган.

Турнирдин жүрүшүндө катышуучулар стратегиялык жана логикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрүн көрсөтүп, байгелүү орундар үчүн күч сынашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: