"Асман Эйрлайнс" ички каттамдардын баасын көтөрөт

"Асман Эйрлайнс" авиакомпаниясы 1-августтан тарта айрым ички каттамдар боюнча авиабилеттердин тарифтерин өзгөртөт.
Компаниянын маалыматына ылайык, мындай чечим Кыргызстанда авиациялык күйүүчү майдын баасынын жогорулашына байланыштуу кабыл алынган. Июль айынын жыйынтыгы боюнча күйүүчү майдын наркы 32 пайызга өскөн.
Авиакомпания бул өзгөрүү каттамдардын үзгүлтүксүз аткарылышын камсыз кылуу, учактарды коопсуз пайдалануу жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын сактоо максатында киргизилип жатканын белгиледи.
Жаңы тарифтерге ылайык, 1-августтан тарта бир тараптуу каттамдардын баасы төмөнкүдөй болот:
- Бишкек – Ош — 4 100 сомдон 6 500 сомго чейин;
- Бишкек – Манас — 4 100 сомдон 5 000 сомго чейин.
Компания белгилегендей, авиабилеттин акыркы баасы билетти сатып алган күнгө, каттамдагы орундардын толушуна жана тандалган тарифтик класска жараша өзгөрүшү мүмкүн.
кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















