super.kg logo

АКШ менен Иранды сүйлөшүүлөргө кайтарууга аракеттер жасалууда

 

Жакынкы Чыгыштагы ортомчу өлкөлөр АКШ менен Иранды сүйлөшүүлөргө кайтарууга аракет кылышууда. Бул тууралуу Associated Press өздүк булактарына таянып жазды.

Ортому мамлекеттердин негизги максаты - Вашингтон менен Тегеранды сүйлөшүү столуна кайтаруу болууда. Дипломатиялык аракеттер 28-29-июлдагы тараптардын бири-бирине сокку жасоо аркеттеринен кийин жанданды.

Кечээ, 29-июлда Иран АКШнын Иорданиядагы базасына сокку урган. Кийинчерээк АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы аскерлер ракеталарды тосуп калганын маалымдаган.

АКШ 30-июлга караган түнү Ирандагы бир катар буталарга жаңы аба соккуларын жасай баштаганын Axios басылмасы жазды.

Буга чейин да ортомчу өлкөлөр аркылуу АКШ менен Ирандын ортосунда сүйлөшүүлөргө аракеттер жасалган.

Эске салсак, 18-июнда Иран менен АКШ аралыктан өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Документте 28-февралда башталган аскердик жаңжалды токтотуу каралган. Ошондой эле меморандум АКШнын деңиз блокадасын алып салуу жана Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамын калыбына келтирүү мөөнөттөрүн аныктамак.

Бирок июнь айынын аягында АКШ менен Иран бири-бирине маал-маалы менен сокку уруп, аймакта чыңалуу кайра күчөгөн.













 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: