super.kg logo

Балыкчы - Кочкор темир жолунун курулуш тарыхы

 
Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу боюнча чечим 2022-жылы кабыл алынган. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.
Маалымдалгандай, президент Садыр Жапаров ошол жылы узундугу 186 чакырымга созулган Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече темир жолунун курулушу мамлекет тарабынан ишке ашырылсын деген чечим чыгарган. Аны аткаруу иши "Кыргыз темир жолу" ишканасына жүктөлгөн.
Мындай чечим темир жол тармагын өнүктүрүү, Кара-Кече күрөң көмүр кенин өздөштүрүү үчүн кабыл алынган. Ал жылы 31-мартта өлкө башчы долбоорго старт берген. Долбоордун биринчи этабы катары узундугу 63,4 чакырымды түзгөн Балыкчы-Кочкор тилкесинин курулушу башталган. Курулуш иштери кыргызстандык куруучулар тарабынан кыргызстандык долбоорлоочулардын долбоору боюнча жүргүзүлүп баштаган.
Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулушу этап-этабы менен жүргүзүлгөн. Жаңы линиянын трассасы кыйла татаал рельефтер аркылуу, тагыраагы, саздуу жерлерден, тоо этектеринен, өрөөн тилкелеринен жана тоо боорлорунан өткөн.
Трассанын алгачкы беш чакырымы эң татаал тилкелердин бири болгон. Саздуу топурак толугу менен алмаштырылып, жер астындагы суулар чыгарылган. Кийинки тилкелерде куруучулар кайрадан саздуу аймактарды өздөштүрүүгө туура келип, анда жер бетин куруу үчүн Кыргызстанда биринчи жолу заманбап геоторлор колдонулган.
Линиянын бүт узундугу боюнча жогорку чыңалуудагы электр берүү линияларынын жана була-оптикалык байланыш линияларынын тирөөчтөрү көчүрүлгөн, ондогон суу өткөрүүчү курулмалар жана темир жол өткөөлдөрү курулган. Тоолуу аймактарда масштабдуу жардыруу иштери жүргүзүлүп, анын жардамы менен келечектеги магистрал үчүн негиз даярдалган.
Боз-Бармак тоосунун аймагындагы иштердин жүрүшүндө биздин заманга чейинки II миң жылдыкка таандык байыркы скиф-сак дооруна тиешелүү кургандар табылган. Бул күтүүсүз археологиялык табылга өзгөчө мамилени талап кылган. Ошентип, заманбап темир жол инженердик гана эмес, Кыргызстандын тарыхый жазмасынын да бир бөлүгү болуп калды.
Биринчи этаптын аяктаган чекити - заманбап Кочкор бекети болгон. Кочкор бекетинин вокзал имараты заманбап архитектуралык чечимдерди жана өзгөчө эстетиканы айкалыштырган аймактын темир жол дарбазасы болот. Ал эми бекет жүргүнчүлөрдү тейлөө, жүктөрдү кабыл алуу жана жөнөтүү үчүн зарыл болгон инфраструктура менен жабдылып, аймактын экономикасын өнүктүрүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Келечекте Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жол багытын Макмал жүк өткөрүү бекетине чейин узартуу пландалууда. Ал жерде ал долбоорлонуп жаткан "Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан" темир жол линиясына кошулат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: