super.kg logo

Кытайда адамдар жасалма интеллект сериалдары үчүн жүзүн ижарага бере башташты

 

Кытайда жүзүн жасалма интеллектке ижарага берген адамдардын саны көбөйүүдө. Алар өз образдарын сериалдарда жана жарнамаларда колдонууга уруксат берүү менен киреше таба башташты. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазышат.

Маалыматка ылайык, атайын платформалар адамдардын сүрөттөрүн сатып алып, аларды ЖИ аркылуу даярдалган видеолордо пайдаланат. Колдонуучулар өздөрү шарттарын белгилеп, баасын аныктай алышат.

Шэньчжэнь шаарындагы компания март айынан бери 800гө жакын адамды каттаган. Алардын жүзүн бир жолу колдонуу үчүн төлөм 15 доллардан 74 долларга чейин жетет, ал эми платформанын комиссиясы 10 пайызды түзөт.

Санарип образдарды лицензиялоо тирүү актёрлорду жалдоого караганда кыйла арзан болгондуктан, бул тармакка суроо-талап өсүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: