Бул жаныбар чындап эле эки баштуубу? (видео)
Алп кумурска жегичтин (Гигантский муравьед) алдыңкы бутундагы өзгөчө түс жана форма жаныбарлар дүйнөсүндөгү кызыктуу көрүнүштөрдүн бири болуп саналат. Капталынан караганда анын буту башына окшошуп, жаратылыштагы өзгөчө иллюзияны жаратат. Бул өзгөчөлүк жаныбарды жырткычтардан коргоого жардам берет.
Мындан тышкары, ургаачы кумурска жегич баласын алгачкы 9 айга чейин жонуна көтөрүп жүрөт. Себеби баласынын жүнүнүн түсү энесинин денесиндеги кара тилке менен дал келгендиктен, аны байкоо кыйынга турат. Бул дагы алардын коргонуу ыкмасынын бир өзгөчөлүгү десек болот.
Жаратылышта жырткычтарды адаштырган иллюзиялар көп кездешет. Ал эми алп кумурска жегичтин бутундагы "экинчи башы" жана баласын жашыруу жөндөмү жаныбарлар дүйнөсүндөгү таң калыштуу көрүнүштөрдүн бири болуп эсептелет.
Бул жаныбар чындап эле эки баштуубу?
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















