super.kg logo

Юрист: “Дуровду экстрадициялоо маселесин БАЭ соту карашы мүмкүн”

 

Эгер Орусия тарабынан тиешелүү өтүнүч түшсө, Telegram платформасынын негиздөөчүсү Павел Дуровду Бириккен Араб Эмираттарынан экстрадициялоо маселеси эмираттык сот тарабынан каралышы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новостиге Дубайда иштеген юрист Денис Зеленских билдирди.

Анын айтымында, Павел Дуров 2021-жылдын февраль айында БАЭнин жарандыгын алган. Ал өлкөдө жашап, бизнес жүргүзөт. Ошондой эле 2017-жылдан бери Telegram компаниясынын башкы кеңсеси Дубай шаарында жайгашкан.

Юрист белгилегендей, Орусия менен БАЭ кылмышкерлерди өткөрүп берүү боюнча кызматташат. Бирок Дуров БАЭнин толук кандуу жараны болгондуктан, бул жагдай экстрадиция маселесин татаалдаштырат.

БАЭ өз жаранын башка өлкөгө өткөрүп бериши күмөн. Ошол сыяктуу эле Орусия да өз жарандарын башка мамлекеттерге оңой менен бербейт”, — деди ал.

Мындан тышкары, юрист Дуровдун дүйнөлүк деңгээлдеги белгилүү инсан экенин белгилеп, мындай адамдардын коопсуздугу биринчи орунда болушу керектигин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: