Трамп: "Уиткофф жана Кушнер жакында Украинага барат"
АКШнын президенти Дональд Трамп атайын өкүлү Стив Уиткофф менен жеке ишкер Жаред Кушнер жакынкы күндөрү Украинага бара турганын билдирди. Бул тууралуу ал "Financial Times" гезитине берген маегинде айткан.
Америкалык президент сапардын так датасын атаган эмес. Бул сапар Уиткофф менен Кушнердин Украинага биринчи сапары болмокчу.
Буга чейин чет элдик ЖМКларда АКШ президенти Дональд Трамп Ураинанын президенти Владимир Зеленскийди Орусияга каршы согуштук аракеттерди токтотууга чакырганы кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















