Иран АКШнын Бахрейндеги базасына сокку жасады
Чет элдик басылмалар Иран армиясы Бахрейндеги АКШнын "Шейх-Иса" авиабазасына учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку жасаганын жазышты.
Маалыматка ылайык, ирандык дрондордун буталары электр генераторлору, навигациялык системдер, ошондой эле административдик жана көмөкчү имараттар болгон. Аскер өкүлдөрү бүгүнкү жана акыркы күндөрдөгү соккулар америкалык базаларга олуттуу зыян келтиргенин белгилешти.
IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, "Шейх Иса" авиабазасы америкалык учактарды, тик учактарды жана учкучсуз учактарды оңдоо жана тейлөө борбору болуп саналат.
Эске салсак, 18-июнда Иран менен АКШ аралыктан өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Документте 28-февралда башталган аскердик жаңжалды токтотуу каралган. Бирок июнь айынын аягында АКШ менен Иран бири-бирине маал-маалы менен сокку уруп, аймакта чыңалуу кайра күчөгөн.
Буга чейин Жакынкы Чыгыштагы ортомчу өлкөлөр тараптарды сүйлөшүүгө кайтарууга аракеттерди көрүп жатканы айтылган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















