Серкан Болаттын ролун аткарган Керем Бюрсин суракка чакырылды
"Эшигимди каккыла" түрк сериалындагы Серкан Болаттын ролу менен таанылган түркиялык белгилүү актёр Керем Бюрсин, Ahbap кайрымдуулук уюмуна байланыштуу жүргүзүлүп жаткан тергөөнүн алкагында прокуратурага көрсөтмө берүү үчүн чакырылган. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Ahbap уюму чогулткан кайрымдуулук каражаттарынын бир бөлүгү максатсыз пайдаланылган болушу мүмкүн деген шек менен тергөө жүрүп жатат. Уюм 2017-жылы түрк ырчысы Халук Левент тарабынан негизделип, жер титирөө жана башка кырсыктардан жабыркагандарга жардам көрсөтүү, ошондой эле социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн түзүлгөн.
Иликтөөнүн алкагында Керем Бюрсин менен катар Берна Лачин, Эда Эдже, Фарах Зейнеп Абдулла жана Ирем Хелважыоглу да көрсөтмө берүү үчүн чакырылган.
Учурда Керем Бюрсинге карата расмий айып тагыла элек, тергөө иштери уланууда.
Эске салсак, актриса Ханде Эрчел да баңгизатка байланыштуу өзүнчө иликтөөнүн алкагында сурак берип, кийин прокуратура ага карата бардык айыптоолорду алып салган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















