ХАМАС куралдарын таштоого макул болду
Тынчтык кеңеши ХАМАС кыймылы Газа тилкесинде ок атышууну токтотууну сактоо үчүн куралдарын таштоого макул болгонун жарыялады.
Кеңеш тараткан маалыматта ХАМАС куралсыздандыруу боюнча планды ишке ашырууга расмий түрдө милдеттенме алганы, бул ишке ашканда Израил Газа тилкесинен чыгып кетери айтылат.
Ошол эле учурда, сүйлөшүүлөрдөгү ХАМАС делегациясынын мүчөсү Гази Хамад Al Jazeera телеканалына берген маегинде, эгер Израил талапты аткарбаса, кыймыл жетишилген келишимден баш тарта турганын айтты. Анын билдиришинче, куралсыздануу маселесин Газаны башкарган Улуттук комитет карайт.
Ошол эле учурда, Axios агенттиги эки америкалык расмий өкүлгө шилтеме берип, ХАМАС ортомчу болгон Катар, Түркия жана Египет менен бир нече ай бою сүйлөшүүлөрдөн кийин келишимдин шарттарына макул болгонун билдирди.
Айта кетсек, Тынчтык кеңешинин түзүлүшү АКШ президентинин Газа тилкесиндеги жаңжалды токтотуу боюнча сунушталган планынын бир бөлүгү болгон. Анын түзүлүшү январь айында жарыяланган.
Дүйнө жүзү боюнча 60ка жакын лидер кеңешке кошулууга чакыруу алышкан, алардын айрымдары негиздөөчү мүчөлөр катары. Трамп Тынчтык кеңешинин биринчи төрагасы болгон. Тынчтык кеңешинин инаугурация аземи 22-январда Давос шаарында өткөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















