super.kg logo

Япония биринчи жолу аскердик кемеден Tomahawk ракетасын учурду

 

Бүгүн, 31-июлда Япониянын Өзүн-өзү коргоо деңиз күчтөрү биринчи жолу америкалык Tomahawk канаттуу ракетасын өзүнүн аскердик кемесинен учурганы белгилүү болду. Бул тууралуу япониялык басылмалар жазышты.

Маалыматтарга караганда, болжол менен 1600 чакырым аралыкка уча алган ракета АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн колдоосу менен Тынч океанда, АКШнын жээктерине жакын аймакта башкарылуучу ракеталык курал менен жабдылган "Тёкай" аскердик кемесинен учурулган.

Tomahawk канаттуу ракеталары аскердик операцияларда душмандын жер үстүндөгү объекттерин (мисалы, аскердик базалар, башкаруу борборлору, инфраструктуралык объекттер) бутага алуу үчүн колдонулат.

Япониянын Коргоо министрлиги сыноо кеменин жаңы мүмкүнчүлүктөрүн жана экипаждын даярдык деңгээлин ырастаганын айтты. Ал эми АКШнын Аскер-деңиз күчтөрү сыноо ийгиликтүү өткөнүн белгилеп, бул эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгын жана аймактагы коопсуздукту чыңдоого өбөлгө түзөрүн билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: