super.kg logo

АКШ Трамптын сүрөтү түшүрүлгөн эстелик паспортторду чыгарууну кеңейтмекчи

 

Associated Press агенттигинин маалыматы боюнча, эми Вашингтондон тышкары жашаган америкалыктар да жакында өлкөнүн 250 жылдыгына карата президент Дональд Трамптын сүрөтү түшүрүлгөн чектелген нускадагы АКШ паспортун ала алышат.

Мамлекеттик департамент август айында өлкө боюнча 27 паспорт кеңсеси атайын документтерди бере баштай турганын жарыялаган. Буга чейин паспорт Вашингтондогу кеңседе гана жеке өзү кайрылган талапкерлер үчүн жеткиликтүү болору айтылган.

Трамп АКШнын паспортунда пайда болгон биринчи президент. Анын портрети ички бетте. Мукабада ошондой эле "Америка Кошмо Штаттары" жана "Паспорт" деген жазуулар алтын түс менен басылган.

Мамлекеттик департамент суроо-талаптын жогору болушунан улам "Патриоттук паспорт" деп аталган кошумча 250 миң эстелик паспорт берилгенин билдирген.

8-августтан баштап Колорадо штатынын Сентенниал, Чикаго, Даллас, Детройт, Нью-Йорк жана Стэмфорддогу паспорт бөлүмдөрүндө бир күндүк атайын арыздарды кабыл алуу иш-чаралары өткөрүлмөкчү. Ай бою дагы арыздар кабыл алынат.

Айта кетсек, АКШнын учурдагы паспортторунда Рашмор тоосуна чегилген президенттердин сүрөттөрү, ошондой эле Эркиндик статуясы, Эркиндик коңгуроосу, Көз карандысыздык залы жана жаратылыш пейзаждары гана көрсөтүлгөн. Ичинде Мартин Лютер Кингдин жана бир нече экс-президенттердин цитаталары бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: