super.kg logo

Германияда аптаптуу ысыктан 10 миңге жакын адам каза болду

 

Германияда 2026-жылы катуу ысыктан улам дээрлик 9,8 миң адам каза болгон. Бул тууралуу Роберт Кох институту билдиргенин Reuters агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун көбү 75 жаштан жогорку адамдар болгон. Институттун белгилөөсүндө, абанын орточо температурасы 20 градустан жогорулаган жумаларда өлкөдө өлүм көрсөткүчү кыйла өсөт.

Германияда июнь айында абанын температурасы 40 градустан ашкан рекорддук ысык катталган. Институт адистери алдыдагы күндөрдө да аномалдуу ысык аба ырайы курмандыктардын санын көбөйтүшү мүмкүн экенин эскертишти.

Быйыл жайында Европанын бир катар өлкөлөрү, анын ичинде Франция, Испания, Италия, Улуу Британия жана Германия катуу ысыкка кабылды. Июндун аягынан бери Европада аптаптын кесепетинен 1,3 миңден ашуун адам каза болгону айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: