super.kg logo

Бүгүн Wildberries'тин Волгограддагы кампасына чабуул жасалды

 
Бүгүн, 31-июлда Орусиянын Волгоград шаарындагы Wildberries компаниясынын кампасына дрон чабуулу жасалып, өрт чыкты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар компаниянын маалымат кызматына таянып жазышты.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Учурда өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону өчүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ал эми товарларды кабыл алуу жана кардарлардын буюртмаларын жөнөтүү үзгүлтүккө учурабашы үчүн логистикалык каттамдар башка кампаларга багытталган.

Белгилей кетсек, 18-июлдан бери Украина Wildberries компаниясынын Орусиядагы логистикалык борборлоруна ракета жана дрондор менен сокку урууда. 30-июлга караган түнү, украиналык дрондор Пенза шаарындагы Wildberries компаниясынын кампасына да чабуул жасаган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: