Бүгүн, 31-июлда Орусиянын Волгоград шаарындагы Wildberries компаниясынын кампасына дрон чабуулу жасалып, өрт чыкты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар компаниянын маалымат кызматына таянып жазышты.Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Учурда өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону өчүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ал эми товарларды кабыл алуу жана кардарлардын буюртмаларын жөнөтүү үзгүлтүккө учурабашы үчүн логистикалык каттамдар башка кампаларга багытталган.
Белгилей кетсек, 18-июлдан бери Украина Wildberries компаниясынын Орусиядагы логистикалык борборлоруна ракета жана дрондор менен сокку урууда. 30-июлга караган түнү, украиналык дрондор Пенза шаарындагы Wildberries компаниясынын кампасына да чабуул жасаган.

Супер-Инфо
super.kg видео
















