Борбордук Азиядагы деңиз деңгээлинен 8051 метр бийиктиктеги Броуд-Пик тоосунда кар көчкү жүрүп, анын кесепетинен 10 альпинист дайынсыз жоголду.Чет элдик басылмалар маалымдагандай, белгилүү непалдык альпинист Нирмал Пурджа жетектеген топ чокуну багындырууга чыккан. Кечээ тоо боорунда кар көчкү жүрүп, андан кийин альпинисттер менен байланыш үзүлгөн.
Дайынсыз жоголгондордун арасында АКШ, Кытай, Пакистан, Оман жана Непалдын жарандары бар. Учурда издөө-куткаруу иштери башталып, кырсык болгон аймакка тик учак жөнөтүү пландалууда.
Нирмал Пурджа дүйнөдөгү 14 сегиз миңдик чокунун баарын рекорддук 6 ай 6 күндүн ичинде багындырган альпинист катары белгилүү. Анын социалдык тармактагы баракчасына 2 миллиондон ашуун адам катталган.

Супер-Инфо
super.kg видео
















