Пакистанда шахтадагы жарылуудан 34 кенчи каза болду (видео)
Пакистандын батышындагы Белужистан провинциясында
көмүр шахтасында жарылуу болуп, кеминде 34 кенчи каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыкка метан газынын жарылышы себеп болушу мүмкүн. Кырсык болгон учурда шахтанын ичинде 42 жумушчу иштеп жаткан. Азырынча 6 адамдын сөөгү чыгарылды. Учурда куткаруучулар издөө иштерин улантууда.
Өлкөнүн тоо-кен инспектору Гани Балоч издөө иштери бардык жумушчулар табылганга чейин уланарын билдирди. Ошондой эле, каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экенин кошумчалады.
Пакистанда шахтадагы жарылуудан 34 кенчи каза болду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















