Миңдеген марокколук мигранттар Испаниянын Сеута аймагына өтүүгө аракет кылышууда (видео)
Испаниянын Африкадагы Сеута автономдук аймагында миграциялык кризис күчөдү. Мароккодон миңдеген адамдар чек арадан өтүп, шаарга кирүүгө аракет кылышууда.
Чет элдик басылмалар маалымдагандай, көптөгөн мигранттар чек ара тосмолорунан ашып, өткөрмө пункттары аркылуу Сеутага киришкен. Айрымдары деңиз аркылуу Тарахаль пляжына чейин сүзүп жеткен. Акыркы 10 күндө Мароккодон Сеутага 1500дөн 2000ге чейин адам өткөнү айтылууда.
Ошондой эле чек арадан өтүүгө аракет кылган учурда кеминде 18 адам каза болгону маалымдалды. Марокконун Фнидк шаарында дагы миңдеген адамдар Сеутага өтүүнү күтүп турушат. Ал жерде адамдардын кезеги 5 чакырымга чейин созулганы кабарланды.
Сеутанын мэри Хуан Хесус Вивас учурдагы абалды "гуманитардык жана социалдык кризис" деп атап, Испания өкмөтүнөн тез арада чара көрүүнү талап кылды.
Сеута - Испанияга караган автономдук шаар. Географиялык жайгашуусуна байланыштуу бул аймак миграция маселеси менен көптөн бери күрөшүп келет. Мисалы, 2021-жылы бир нече күндүн ичинде чек арадан 10 миңдей адам өткөн. Алардын көбү Марокконун жарандары болгон.
Миңдеген марокколук мигранттар Испаниянын Сеута аймагына өтүүгө аракет кылууда
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















