Пакистанда кар көчкүдөн кийин 4 альпинисттин сөөгү табылды
Бүгүн, 31-июлда Пакистандын Броуд-Пик (8047 метр) тоосунда кар көчкүдөн кийин дайынсыз жоголгон альпинисттердин төртөөсүнүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Пакистан Альпинизм клубунун жетекчиси Ирфан Аршад Хан билдиргенин чет өлкөлүк маалымат каражаттары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, курман болгондордун арасында Омандан келген Надхира Аль Харти жана непалдык альпинист Пур Бахадур Гурунг бар. Надхира Аль Хартинин сөөгү Пакистандын Скарду шаарына жеткирилди, ал эми Пур Бахадур Гурунгдун сөөгүн алып келүү иштери уланууда. Калган эки адамдын өздүгү расмий ырасталгандан кийин жарыяланары айтылды.
Буга чейин кар көчкүдөн кийин 10 альпинист дайынсыз жоголгону кабарланган. Алардын арасында белгилүү непалдык альпинист Нирмал Пурджа, АКШнын орус тектүү жараны, Кытай жана Омандан келген альпинисттер, эки пакистандык гид жана төрт шерпа (Непалдын Гималай тоолорунда жашаган элдин өкүлдөрү) болгон. Учурда издөө-куткаруу иштери уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















