Легендарлуу экс-футболчу Франко Барези дүйнө салды
Италиянын курама командасынын жана "Милан" клубунун легендарлуу мурдагы футболчусу Франко Барези 66 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу "Милан" клубунун басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин маалымат каражаттарында Барези оор илдет менен күрөшүп жатканы тууралуу кабарлар чыккан.
Франко Барези бүтүндөй футболдук карьерасын "Миланда" өткөргөн (1978-1997). Ал клуб менен алты жолу Италиянын чемпиону болуп, төрт жолу Италиянын Суперкубогун жеңген. Ошондой эле анын эсебинде Чемпиондор лигасындагы үч жеңиш жана УЕФАнын Суперкубогундагы бир жеңиш бар.
Италиянын курама командасы үчүн Барези 81 беттеш өткөргөн. Улуттук курамдын курамында ал 1982-жылкы Дүйнө чемпиондугун жеңип, 1994-жылкы Дүйнө чемпиондугунда күмүш, ал эми 1990-жылкы Дүйнө чемпиондугунда коло медалга ээ болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















