Киевде кайрадан аба кооптуулугу жарыяланды
Украинанын борбору Киев шаарында жана Киев облусунун айрым аймактарында бүгүн үчүнчү жолу аба кооптуулугу жарыяланды.
Украинанын Санариптик трансформация министрлигинин онлайн-картасына ылайык, кооптуу сигнал Бишкек убактысы боюнча саат 12:59да берилген. Украинанын аба күчтөрү кооптуу сигнал учкучсуз учуучу аппараттардын (дрондордун) коркунучу менен байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдиришкен.
Учурда аба кооптуулугунун так себептери боюнча расмий маалымат айтыла элек. Бийлик тургундарды коопсуздук эрежелерин сактап, жакынкы баш калкалоочу жайларга өтүүгө чакырууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















