Финляндиянын ИИМ башчысы Испанияны Шенген аймагынан убактылуу четтетүүгө чакырды
Финляндиянын ички иштер министри Мари Рантанен Европа өлкөлөрүн Испанияны Шенген аймагынан убактылуу четтетүү боюнча Италиянын сунушун колдоого чакырды.
Анын айтымында, Испания Шенген аймагынын тышкы чек арасын мыйзамсыз миграциядан коргоо милдетин жетиштүү деңгээлде аткара алган жок.
“Мындай абал улана бербеши керек. Тышкы чек арасын коргоо боюнча өз милдеттерин аткарбаган өлкөлөр Шенген аймагынын мүчөсү боло албайт”,- деди Рантанен.
Буга чейин Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони Сеутага мыйзамсыз мигранттардын массалык агымына байланыштуу Испания менен Шенген келишиминин ишин убактылуу токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирген.
Испаниянын Cadena SER радиосунун маалыматына ылайык, акыркы бир суткада Мароккодон Испаниянын Сеута автономдук шаарына болжол менен 49 миңдей мыйзамсыз мигрант кирген. Ал эми RTVE телеканалы чек арадан өтүүгө аракет кылган учурда 19га жакын адам каза болгонун кабарлады.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















