super.kg logo

Сеутада каза болгон мигранттардын саны 24кө жетти

 

Сеута шаарында деңизден табылган каза болгон мигранттардын саны 24кө жетти. Бул тууралуу полицияга шилтеме берүү менен EFE маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бейшемби күнү эртең менен көп сандаган адамдар Марокко аймагынан Сеутага сүзүп өтүүгө аракет кылышкан. Кийинчерээк дагы бир бөлүгү пирсти айланып өтүп, автономиялуу шаарга жөө кирүүгө аракеттенген.

Бейшемби күнү Марокко менен Испаниянын Сеута анклавынын чек арасында миңдеген жаш марокколуктар топтолгон. Cadena SER радиосу бийликке таянып билдиргендей, акыркы сутка ичинде автономиялуу шаарга болжол менен 49 миң мигрант кирген.

Миграциялык кризиске байланыштуу шаарга кошумча полиция кызматкерлери, жарандык гвардия жана аскер бөлүктөрү жөнөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: