Сеутадагы мыйзамсыз миграция Испанияда кооптонууну күчөттү
Испаниянын премьер-министри Педро Санчес Сеута шаарындагы миграциялык кризисти болуп көрбөгөндөй кырдаал деп мүнөздөдү. Анын айтымында, Мароккодон миңдеген мигранттардын чек араны массалык түрдө бузуп өтүшү өлкөнүн коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратты.
Санчес Сеута Испаниянын ажырагыс бөлүгү экенин белгилеп, өкмөт чек араны коргоо жана тартипти калыбына келтирүү үчүн бардык зарыл чараларды көрөрүн айтты.
Акыркы күндөрү миңдеген адамдар Марокко менен Сеутанын чек арасына келип, алардын жүздөгөнү Испаниянын аймагына мыйзамсыз өтүүгө жетишкен. Буга байланыштуу шаарга кошумча полиция кызматкерлери, жарандык гвардия жана аскер бөлүктөрү жөнөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















