Сеутага өткөн мигранттар Мароккого кайтарууну сурана башташты
Испаниянын Сеута шаарына мыйзамсыз өтүүгө жетишкен мигранттардын саны көбөйгөнү менен, алардын көбү чек арадан өткөндөн бир нече саат өткөн соң эле Мароккого өз ыктыяры менен кайтарууну сурана башташты.
Маалыматка караганда, мындай чечимге Сеутадагы оор шарттар жана адамдардын өтө көп топтолушу себеп болгон. Мигранттардын күткөнү менен чыныгы кырдаал дал келбей калган.
Эске салсак, бейшемби күнү миңдеген жаш марокколуктар Марокко менен Сеутанын чек арасына чогулуп, алардын жүздөгөнү Испаниянын аймагына мыйзамсыз өтүүгө жетишкен. Андан кийин Испаниянын бийлиги шаарга кошумча полиция кызматкерлерин, жарандык гвардияны жана аскер бөлүктөрүн жөнөткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















