Испания 48 миңден ашуун мыйзамсыз мигрантты Мароккого кайтарды
Испаниянын Ички иштер министрлиги Сеута шаарына мыйзамсыз кирген 48,3 миңден ашуун мигрант Мароккого кайтарылганын билдирди.
RTVE телеканалынын маалыматына ылайык, өкмөттүн расмий маалыматында азыркыга чейин 48 миң 300дөн ашык мыйзамсыз мигрант кайра Мароккого өткөрүлгөнү айтылат.
Буга чейин жума күнү Mundo басылмасы Ички иштер министрлигине таянып, 37,5 миң мигрант Сеутадан Мароккого кайтарылганын кабарлаган. Кийинчерээк бул көрсөткүч 48,3 миңден ашканы такталды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















