Италия Испания менен Шенген келишиминин колдонулушун убактылуу токтотту
Италия Испаниянын Сеута анклавындагы миграциялык кризистен улам Испания менен болгон Шенген келишиминин колдонулушун убактылуу токтотуп, эки өлкөнүн ортосундагы деңиз жана аба чек араларында көзөмөл киргизди. Бул тууралуу La Stampa басылмасы Италиянын Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен жазды.
Маалыматка ылайык, Италиянын Ички иштер министрлиги Испания менен деңиз жана аба каттамдары аркылуу өтүүчү чек араларга көзөмөл орнотуу тууралуу чечим кабыл алган.
Чечим иммиграция жана чек ара коопсуздугу боюнча комитеттин жыйынында акыркы кырдаал талкуулангандан кийин, ички иштер министри Маттео Пьянтедозинин төрагалыгы астында кабыл алынган.
Буга чейин миңдеген марокколук жаштар Марокко менен Испаниянын Сеута анклавынын чек арасына чогулуп, алардын жүздөгөнү Испания аймагына өтүп кеткен. Буга жооп катары Испания бийлиги шаарга кошумча полиция кызматкерлерин, жарандык гвардияны жана аскерлерди жөнөткөн.
Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони да Сеутадагы мыйзамсыз мигранттардын агымына байланыштуу Испания менен Шенген тартибин убактылуу токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















