Никол Пашинян Армениянын премьер-министри болуп кайрадан дайындалды
Армениянын президенти Ваагн Хачатурян Никол Пашинянды кайрадан өлкөнүн премьер-министри кызматына дайындады. Тиешелүү жарлыкка 2-августта кол коюлду.
Буга чейин Пашинян жетектеген өкмөт Конституциянын талабына ылайык, жаңы шайланган парламент ишин баштаган күнү кызматтан кетүү тууралуу арыз берген. Андан соң парламентте көпчүлүк орунга ээ болгон "Жарандык келишим" партиясы аны кайрадан премьер-министрликке талапкер катары көрсөткөн.
Эске салсак, 7-июнда өткөн парламенттик шайлоодо "Жарандык келишим" партиясы жеңишке жетип, Улуттук жыйында көпчүлүк мандатка ээ болгон.
Никол Пашинян Армениянын өкмөтүн 2018-жылдын май айынан бери жетектеп келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















